Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Урмат Барктабасовдун соту 29-декабрда болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” Урмат Барктабасовдун адвокаты Жаманкул Жунусов маалымдады. Адвокат Ж.Жунусов Урмат Барктабасов менен кошо айыпталып жаткан 14 кишинин айыбы жок деп эсептейт. Анын айтымында, 4-августта Бишкекке курултайга келе жаткан элди милиция күчтөп тоскон, айыпталып жаткандардын күнөөсүздүгүн аныктап берүүчү далил заттар жетиштүү.

Урмат Барктабасов 4-августта кармалган, ага “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, ошол күндөн бери УКМКнын абагында камакта. Аны менен кошо кармалган 15 кишинин төртөө үй камагына чыгарылган. 4-августта "бийликти күч менен басып алуу аракетине тиешеси бар" деген негиз менен БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабиловага издөө жарыяланган.

Урмат Барктабасовго 2005-жылы 17-июнда да “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, ал издөөдө жүргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG