Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Январдан тарта июнда жабыркагандар жөлөк пул ала баштайт


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 24-декабрда Ош шаарынын тургундары менен жолугушуусунда келе жаткан жылдын январынан тарта июндагы коогалаңда жабыркаган үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилерин билдирди. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, премьер-министр калабада дайынсыз жоголгон жана набыт болгондордун жакындарынын окуу акысын төлөөгө жана карыздарын жоюуга, жөлөк пул берүүгө каражат табууну тиешелүү органдарга тапшырды. Ошондой эле июнь коогалаңында дайынсыз жоголгон 23 кишинин үй-бүлөсүнө турак-жай берилиши керектигин белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Ош аймагына жасаган иш сапарында жергиликтүү тургундар менен бирге “Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен да жолугушту. Бирикменин мүчөлөрү июнь окуяларында жабыркагандарга жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айтып, өкмөттөн июнда мерт кеткендердин макамын 7-апрелде Ала-Тоо аянтында набыт болгондордуку менен теңдештирүүнү өтүнүшкөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG