Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Санжар Бакиевдин апелляциялык арызы 30-декабрда каралат


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Санжар Бакиевдин соттук ишине байланыштуу апелляциялык арызын Чүй облустук соту 30-декабрда карайт. Бул мөөнөткө чейин айыпталуучунун жаңы жактоочусу Болот Назарбаев соттук иш боюнча бардык материалдар менен таанышып чыкмакчы.
Санжар Бакиевдин буга чейинки жактоочусу Рыспек Нагаев дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын ордуна Болот Назарбаев жактоочулук кыла баштаган. Натыйжада С. Бакиевге коюулуп жаткан бардык айыптар боюнча материалдар менен таанышып чыгуу зарылчылыгы чыкканы маалымдалды.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын уулу Санжар Бакиевге 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан болчу. Санжар Бакиев өзүнө коюлган айыптар менен макул болгон эмес. (KKs)

XS
SM
MD
LG