Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:04

Таласта мал уурулугу көбөйдү


Өткөн айда Талас районуна караштуу Үч-Эмчек айылынын тургуну Кубанаалы Осмоновдун 27 жылкысын белгисиз бирөөлөр уурдап кетсе, декабрь айында да ошол эле айылдан дагы 32 жылкы уурдалган. Аталган айылдын тургуну Асан Курамаев 2 жыл мурда төрт жылкысын уурдатканын айтып, жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлери “ууруларды издемек тургай, кылмышка өздөрү аралашкан фактылар бар” деп “Азаттыкка” билдирди. Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Оморов мындай дооматты четке кагып, акыркы он айдын ичинде облуста 56 мал уурдалса, 44 кылмыштын жүзү ачылганын “Азаттыкка” маалымдады. (UA)

XS
SM
MD
LG