Москванын соту ЮКОС мунай компаниясынын мурдакы ээси Михаил Ходорковскийди жана анын бизнес ынагы Платон Лебедевди мунай уурдады жана мыйзамсыз акча адалдаштырды деп тапты. Эки ишкер 2003-жылы ишканадан 218 тонна мунай уурдаган, салык төлөгөн эмес деп, сегиз жылга эркинен ажыратылган.
Сот төрагасы виктор Данилкин узун өкүмдү эртеден бери жарыя окуп жатат. Прокурор сурагандай эки айыпкер 14 жылга кесилип, жаңы өкүм мурдакысы менен
чогуу эсептелсе, алар 2017-жылга чейин абакта калышат.
Сот имаратынын жанында Ходорковскийдин жүздөгөн жактоочулары “Эркиндик”, “Россия - путинсиз” деген ураандарды кармап, нааразылык чарасын өткөрүшүүдө.