Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин бүгүн күнөөлүү министрлерге жаңы жылдык дем алышка чыгууга тыю салды. Аба-ырайынын бузулушунан улам учактар учпай, миңдеген жүргүнчүлөр ара жолдо калган эле.
Путин министрлерди бүгүнкү жыйында жемеледи:
- Албетте кырдаал кыйын, баары биздин колубуздан келбейт, бирок кабагым-кашым дебей бардыгыбыз иштешибиз керек.
Президент Дмитрий Медведев кечээ прокурорлорго Домодедово, Шереметево аэропортторунун ишин иликтөөнү тапшырган эле. Төрт күн ичинде 200 чакты учак учпай калып, кээ бир терминалдарда жүргүнчүлөр дааратканада суунун, электрдин жок болгонуна, аба тазалаткычтар иштебегенине даттанышкан.