Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Европа Биримдиги мал ылаңына каршы 6,7 миллион евро бөлдү


Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл-чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Бөлүнгөн каражатка “Айыл-чарба инвестициялары жана кызматтары” долбоору жооп бермекчи.

Кийинки жылдан тарта Айыл-чарба министрлиги аталган долбоордун алкагында 8 мал ылаңына каршы иш-чараларды баштамакчы. Мамлекеттик ветеринария департаменти билдиргендей, кийинки жылы мал догдурлар бурцеллез, күйдүргү, кутурма, эхинококкоз, туберкулез сыяктуу ылаңдарга көбүрөөк көңүл бөлүшмөкчү. Министрлик билдиргендей, мал ылаңы өлкө экономикасына залакасын тийгизип, эл аралык соода карым-катнашын төмөндөтүп, эң негизгиси жарандардын саламаттыгына зыян келтирүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG