Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын эски жеңил машинесин аукцион-соодада 1 миллион долларга сатып алууну каалаган кардар чыкты. ИРНА жаңылыктар агенттигинин ырасмий булактарга шилтеп кабарлашынча, 1977-жылкы “Peugeot-504” автомобилин Араб өлкөлөрүнүн бириндеги кардар коллекция үчүн сатып алууну каалаган. Эл ичиндеги кадыр-баркын көтөрүүнү көздөгөн президент Ахмадинежад эски автомобилинин акчасын жаштарга жана майыптарга турак-жай курууга бермекчи. Аукцион февралдын ортосунда болот.