Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Ирактагы чабуулдарда беш адам көз жумду


Кечээ Багдаттагы ар кайсыл чабуулдарда куралчандар төрт коопсуздук кызматкерин атып өлтүрүштү. Мамлекеттик кызматта иштеген бир инженер да октон өлгөнү айтылат. Айрымдар коопсуздук күчтөрүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге каршы атайын даярдалган чабуулдар башталганы жөнүндө айта башташты. Аны ким жасаганы азырынча белгисиз. Айрым кабарларга караганда, декабрь ичи Иракта 151 адам түрдүү чабуулдарда набыт болгон. Бул былтыркы жылы жоготуу эң аз катталган ай болду.

XS
SM
MD
LG