Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Күч органдары кыйноолор тууралуу айыптоолорду четке кагышууда


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Марат Иманкулов бүгүн укук коргоочулар менен “террорчу” делип шектелгендер кыйноолорго кабылып атышканы тууралуу айыптоолорун четке какты. М.Иманкуловдун айтымында, шектелгендердин бирин кармоо учурунда, ал коопсуздук кызматкерин тапанча менен атууга аракет кылган. Ошол себептүү ага карата күч колдонууга туура келген. Ал эми кармалгандардын калганына күч колдонулган эмес. Ошондой эле Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин айтымында, террордук уюмдардын мүчөлөрүнө карата кыйноолор таасир бербейт. Алар идеологиялык багыт алып алгандыктан, ишендирүү методдору колдонулушу керек. (IJz)

XS
SM
MD
LG