Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:51

Террорчуларды кармоого катышкандар мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөт


Мындай демилгени премьер-министр Алмазбек Атамбаев бүгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен болгон жолугушууда көтөрдү. ИИМдин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” тастыкташкандай, өкмөт башчы өлкөдө коопсуздук маселеси биринчи орунда турарын, экономикалык өсүштөр да ага байланыштуу болорун белгилеген. Ошондой эле жалпы эле тартип коргоо органдарын бекемдөө, аларга социалдык жактан шарт түзүү зарылдыгы айтылды. Алмазбек Атамбаев өз кезегинде 5-январдагы атайын операция учурунда набыт болгон Жеңишбек Бабараимовдун 7-апрелдеги массалык ок атууга күнөөлөнүп жүргөнүн белгилеп, буйрукту аткаргандар эмес, аны бергендер соттолушу керектигин айтты. Мындан тышкары, 4-январда террорчулар деп шектелгендердин колунан каза болгон ИИМдин 3 жана УКМКнын 1 кызматкеринин үй-бүлөсүнө Бишкектен үй сатылып берилип, балдары өкмөт тарабынан камкордукка алынарын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG