Бүгүн Ош шаарында ар кыл коомдук ишмерлер жана демилгечи жарандардын катышуусунда “Элдик кеңеш” деп аталган жыйын өттү. Жыйындын катышуучусу, кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул жыйынга ар кыл өрөөндөрдөн 300гө жакын адам катышты. Анда Кыргызстандын азыркы саясий-экономикалык абалы талкууга алынып, өлкө боюнча жалпы элдик курултай өткөрүү демилгеси көтөрүлдү. Элдик курултайды көзөмөл укугу менен Баш мыйзамга киргизип, ал аркылуу иш жүргүзүү тууралуу сунуштары айтылып, бул курултайды өткөрүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен өлкө президентине жана өкмөткө кайрылуу кабыл алынды. Т. Казаков билдиргендей, коомдук ишмерлерден турган демилгечи топ ушул жылдын апрель айында жалпы элдик курултай өткөрүүнү көздөөдө. (KKs)