Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Демонстранттар Мумтаз Кадрини колдошту


Жекшемби күнү Пакистандын эң чоң шаары Карачиде Исламга акаарат келтирген адамдарды жазалоо боюнча мыйзамды өзгөртүүгө каршы 50 миңдей адам катышкан демонстрация өттү. Алар Аллага акаарат келтирген адамдарды өлүм жазасына тартуу жөнүндөгү мыйзамды өзгөртпөөнү талап кылышты. Катаал жазаны жеңилдетүүнү жактаган Пенжабдын губернатору Салман Тасирди 4-январда күзөтчүсү Мумтаз Кадри атып өлтүргөн болчу. Ал сотто Тасир Аллага сөз тийгизгенин, ошон үчүн атып өлтүргөнүн айткан. Мусулманчыл уюмдар Мумтаз Кадрини даңкташып, Тасирдин өлүмү мыйзамды өзгөртүүнү колдогондорго сабак болот деп эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG