Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүн Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаттары 2011-жылдын бюджетин жана кийинки жылдарга божомолдор боюнча талкууга киришет. Анда бюджет туурасында каржы министри Чоробек Имашев маалымат берет. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2011-жылы бюджеттин тартыштыгы 18 миллиард сом болору күтүлүүдө. (KKs)