Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Элчилик Орусияда кыргыздар кармалганы тууралуу маалыматты четке какты


Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев “Азаттыкка” билдирди. А. Абдисияев өзү да бул маалыматты алары менен Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жана коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен жолугушкан учурда алар муну жокко чыгарышкан. Юристтин белгилегени боюнча, жаңы жылдык майрам күндөрү сырттан келген жарандардын документтерин текшерүү шаар бийлиги тарабынан жыл сайын өткөрүлүп турчу мыйзамдуу текшерүүлөрдүн алкагында жүргүзүлгөн.

Кечээ жана бүгүн Орусиянын бир катар маалымат каражаттары Москвадагы Черемушки районунда текшерүүлөргө нааразылыгын билдирип чыккан 30 мигрантты, алардын ичинен негизинен кыргызстандык жарандарды тартип коргоо кызматкерлери кармап кетишкенин жазып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG