Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Кен иштетүүгө лицензия берүү токтотулат


Бул тууралуу лицензия берүү, кен казып алуу жана пайдалуу кен байлыктарды иштетүү боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Базарбай Мамбетов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылдын 28-сентябрында мамлекет башчынын жарлыгы менен түзүлгөн өкмөттүк комиссия акыркы он бир жылда кен иштетүүгө берилген лицензияларды иликтеп чыккан. Анын маалыматына ылайык, бул жылдары кен казууга жана чалгындоо иштерине 1054 уруксат кагаз берилген. Бирок кен иштетүүдөн кыргыз мамлекети көп деле пайда көрө алган эмес, болгону мамлекеттик бюджетке 5 млрд. 53 млн. сом киреше кирген. Ошол эле учурда 1997-жылдан бери "Кумтөр" алтын кенин иштетип жаткан ишкана 237 миң 165 кг алтын казып, алып чыгып кеткен. Мындан ишкана өзү 3,5 млрд. доллар пайда көргөн, ал эми Кыргызстанга болгону салык иретинде 342 млн. 128 млн. доллар төлөнгөн. “Кыргызстандагы кен байлыктар түгөнгүс эмес, ошондуктан биз урпактарга да келечекте бир нерсе калтырууга тийишпиз” деген Базарбай Мамбетов акыркы он ай ичинде эле кен иштетүүгө 98 лицензия берилгенин шардана кылды. Базарбай Мамбетовдун айтымында, Кыргызстанда кен иштетүүгө берилүүчү уруксат кагаздын шарттары 1992-жылдан бери бир да жолу өзгөртүлгөн эмес, кен иштетүүгө берилүүчү уруксат кагаздын баасы 300 сом турат. Ал эми алтын, күмүш жана башка пайдалуу кендер бар жерди иштетүүгө берилген ошол эле лицензия эл аралык биржаларда 30-40 млн. долларга бааланат. Базарбай Мамбетовдун маалыматы боюнча, кен иштетүүгө лицензия берүүнү токтотуу жана анын шарттарын кайрадан карап чыгуу сунушу жакынкы күндөрү өкмөткө берилди. Ал ошондой эле буга чейин туура эмес берилген уруксат кагаздар да кайтарылып алынып, кайрадан каралып чыгарын кошумчалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG