Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:20

Сүлүктүдө кенчилердин иш таштоосу уланууда


Сүлүктүдөгү кенчилердин кесиптик кошуун төрагасы Каныбек Исмаиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, 220га жакын кенчи бүгүн дагы иш таштоосун улантышат. Алардын ичинде жер астында иш таштап жаткан 62 кенчи да бар. Кенчилер ишканага мамлекеттик мүлк министрлигинен өкүлдөр келип, кайра-кайра мыйзамсыз текшерүүгө алып жатышканына нааразы болушууда. Мындан сырткары ишкана башчысы Раимкул Назаровдун бошотулуусун жана кызмат ордуна кайтарылуусун талап кылышууда. Каныбек Исмаиловдун айтымында, аны 11-январь күнү өздөрүн каржы полициясынын кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз бирөөлөр күчтөп, белгисиз жакка алып кетишкен. Буга чейин Баткен облустук акимчилигинин уюштуруу бөлүмүнөн "Азаттыкка" иш таштаган кенчилер менен жергиликтүү бийлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдап, бардык маселе мыйзам чегинде чечилерин билдиришкен. Ал эми Мамлекеттик мүлк министрлиги жана каржы полициясы кенчилердин дооматына азырынча жооп бере элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG