Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Өкмөт кымбатчылыкты төмөндөтүү жолдорун издейт


Мындай тапшырманы 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов экономиканы тескөө, айыл чарба министрлери, Улуттук банктын жетекчиси жана ошондой эле Монополияга каршы күрөшүү агенттиги менен Мамлекеттик материалдык резерв фондунун төрагасы менен чогуу өткөргөн жыйында берди. Ага ылайык Монополияга каршы күрөшүү агенттигине азык-түлүктүн кымбаттоо себептерин аныктоо, бааларды жөнгө салуу мыйзамдарын өзгөртүүгө сунуштарды киргизүү милдети жүктөлдү. Ал эми айыл чарба министрлигине буудай, кант кызылчасы жана төө буурчактын айдоо аянттарын көбөйтүү боюнча тапшырма берди. Өмүрбек Бабанов азыркы мыйзамдар базардагы баалардын чайкоочулук менен өсүп жатканын көзөмөл кылууга жарабай турганын белгилеп, өкмөт тез арада азык-түлүктүн баасын арзандатууга тийиштигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Байкоочулар жаңы жылдын алдында жана андан кийин азык-түлүктүн баасы 30-40% көтөрүлгөнүн белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG