Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Сүлүктүдө кенчилердин нааразылыгы уланууда


“Сүлүктү-көмүр” ишканасынын жетекчи орун басары Асылбек Ашимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, үч күндөн бери иш таштап жаткан кенчилер жаңы дайындалган жетекчи Эргеш Мадаминов менен иштешүүгө макул эмес. Алар жаңы дайындалган жетекчи мурда ишкананы жетектеп турган учурунда ири өлчөмдөгү чыгашага кириптер кылганын белгилешип, мурунку жетекчи Райымкул Назаровдун кайрадан кызматына кайтарылуусун талап кылууда. Асылбек Ашимовдун белгилегени боюнча, Райымкул Назаров ишкананы жетектеп турган учурда жаңы кендер ачылып, айлык акылар убагында бериле баштаган. Райымкул Назаров ишкананын 43% акциясына ээлик кылары да белгиленүүдө. Ушул тапта жер алдындагы 54 киши талаптары аткарылмайынча сыртка чыкпай турганын билдиришүүдө. “Сүлүктү-көмүр” ишканасынын мурунку жетекчиси Райымкул Назаров өзү “Азаттыкка” иш таштаган кенчилерге анын тиешеси жоктугун, жер алдына кирип, ал жактагы кенчилер менен нааразылыкты токтотуу тууралуу сүйлөшүүсү майнап бербегенин билдирди. Райымкул Назаров эки күн мурун өзүн кармап кеткендер аны ишкана жетекчилигинен баш тартууга мажбурлаганын кошумчалады.

Ал эми экинчи тарап ишкананын жетекчиси мыйзамдуу алмаштырылганын белгилөөдө. “Сүлүктү-көмүрдүн” 43% акциясына ээлик кылган мамлекеттик мүлк фондунун башкы адиси Мирбек Жолоков мурдагы жетекчи Райымкул Назаров мамлекетке баш ийбеген аракеттери үчүн кызматынан бошотулганын билдирген эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG