Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

“Люстрация” кыймылынын мүчөлөрү Өкмөт үйүнүн алдына чыгышты


Аталган кыймылдын төрага орун басары Лира Усубалиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ушул тапта 30га жакын киши Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту. Алар мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Убактылуу өкмөттүн тушунда сатылган мамлекеттик мүлктөр кайра элге кайтарылуусун талап кылышууда. Лира Усубалиеванын белгилешинче, апрелден бери кен байлыктарды иштетүүгө 56 лицензия берилген, бул дагы мурдагы коррупция, жеп-ичүүлөрдүн тыйылбаганынын далили.

“Люстрация” кыймылы мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев менен иштешкен мурунку коррупционер кызматкерлерден азыркы бийликти тазалоо талабы менен уюшулуп, бул мыйзамды кабыл алып, ишке ашырууну талап кылып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG