Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

ЕККУ төрагасы Беларусту Минсктеги кеңсени ачууга чакырды


1-январдан тарта уюмда төрагалык кыла баштаган Литва бүгүн өзүнүн алдыдагы программасын жарыялады. Анын төрагалыгынын башталышына уюмдун Минск шаарындагы кеңсесинин жабылышы көлөкө түшүрдү. Литванын тышкы иштер министри Аудронюс Ажубалис Вильнюстагы бүгүнкү маалымат жыйынында беларус бийликтерин өз чечимин кайра карап көрүүгө чакырды:

- Мен Беларуста эркин шайлоо өткөрүү принциби бузулганына жана Беларус ЕККУнун Минсктеги миссиясынын ишин улантууга берген макулдугун кайра чакыртып алганына терең өкүнүчтөмүн. Мен бул келишимди кайра кароого чакырам.

Расмий Минск ЕККУ миссиясынын мандатын узартуудан уюмдун байкоочулары 19-декабрдагы президенттик шайлоодо орун алган көп сандаган мыйзам бузуулар жөнүндө айтып чыккандан кийин баш тарткан.

XS
SM
MD
LG