Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Косово жетекчилигиндеги аткезчилик фактылары териштирилет


Албания жана Косово Еврокеңештин докладында көрсөтүлгөн айыптоолорду чогуу териштирүүгө даяр. Мындай билдирүүнү Албаниянын премьер-министри Сали Бериша Приштинада Косовонун өткөөл президенти Якуп Красники менен чогуу жасады. Бу ишке Биримдиктин Косоводогу миссиясынын жана Гаагадагы эл аралык трибуналдын өкүлдөрү ырасмий чакырылды. Еврокеңештин иликтөөсүндө Косовонун премьер-министри Хашим Тачи жана Косово боштондук армиясынын командирлери 1998-99-жылдардагы Сербия менен согуш учурунда жана андан кийин адам органдары менен аткезчилик кылган, согуштук кылмыш жасаган деп айыпталат.

XS
SM
MD
LG