Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Ооган тараптан аткылоодон сегиз пакистандык өлдү


13-январда Ооганстан тараптан Пакистандагы турак үй аткыланып, сегиз жаран набыт болду. Окуя согушчандар чайып жүргөн Түндүк Вазирстанда болгонун Пакистандын чалгындоо кызматы билдирди. Бийликтер минометту Ооган аскерлери же чет элдик күчтөр атканын айтууда. НАТО окуяны териштире баштаганын кабарлады.

13-январда таң эртең Пакистандын Хайбер-Пуктунква провинциясынын Банну районунда полиция жана аскер тарткан унаа бомбага кабылып, үч полициячы өлгөн.

XS
SM
MD
LG