Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Сүлүктү: Иш таштаган 54 кенчиге дагы алтоо кошулду


“Сүлүктү-көмүр” акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Райымбек Назаровду кайра кызматка коюу талабы менен 3 күндөн бери 150 метр тереңдикте шахтанын түбүндө нараазылык жыйынын өткөрүп жаткан кенчилердин катарына бүгүн дагы алтоо кошулду. Бул тууралуу мекеменин директорунун орунбасары Асылбек Ашимов билдирди. Анын айтымында, кенчилердин иш таштаганына бүгүн төрт күн болсо да бийлик өкүлдөрүнөн эч ким кабар алган эмес. Ошондуктан жер алдындагы кенчилердин туугандары маселени тез арада чечип, кенчилерди жер алдынан чыгаруу талабы менен шаар мэриясынын алдына чогула баштады.

12-январдан тарта көмүр кенине жетекчи болуп шайланган Эргеш Мадеминов анын тарапкерлери чогулуп, көмүр кенине мыйзамдуу шайланган адамга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылып жатышканын билдирди.

12-январда Мамлекеттик мүлк министрлигинин демилгеси менен директорлор кеңешинин жыйыны өтүп, ишканага жетекчи болуп Эргеш Мадаминов шайланган. Шаар мэри Жамалидин Калакулов бул маселе митинг эмес, сот менен чечилиш керектигин айтты. (JsA)

XS
SM
MD
LG