Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

И.Өмүркулов: Ош базарында көчө бойлото коюлган соода түйүндөрү алынат


Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн “Азаттык” үналгысына маек куруп, Ош базарынын тегеретесиндеги соода түйүндөрдү тазалоо планы туурасында айтып берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ош базарынын тегерегинде ондогон контейнер, павильондор иштейт. Башаламан жайгашып, жөө баскандар гана эмес унаалардын өтүүсүнө да тоскоолдук кылган бул жайларды алуу Бишкек шаарынын планында бар. Анын үстүнө мэрдин айтымында, ошол соода түйүндөрү жайгашкан жерлерди алгандар “көрктөндүрүү максатында” же “унаа токточу жай болот” деген негизде алышкан, бирок ал жерлерге соода түйүндөрүн ачып жиберишкен.

“Биз Бишкектеги Киев көчөсүн Ош базар аркылуу Фучик көчөсүнө чыгаралы деп жатабыз. Жанагыдай тоскоолдуктардан улам азыр Чүй-Фучик көчөлөрүндө өтө чоң авто тыгын пайда болууда, кырсыктар көп болууда. Ош базарын ирээтке келтирүү зарыл болуп турганын да түшүнүү керек. Базар тегерегинде мыйзамсыз иштеген соода жайлары бир топ”,- дейт ал.

Бишкек мэри белгилегендей, бүгүнкү күнү Ош базарынын тегерегинде соода кылгандарга башка базарларга барып иштөө тууралуу сунуштар жасалган. (IJz)

XS
SM
MD
LG