Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

17-январда айрым жерлерде кар жаайт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 17-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2 градус суук, Талас аймагында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3 градус суук болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3 градуска барабар, Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус суук болот. Тоолордо болсо түнкүсүн -22…-27, күндүз -8…-13 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 градус, күндүз 0…2 градусту түзөөрү күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG