Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Исмаил Исаков Улуттук комиссияны сотко берет


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты, Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөсү Исмаил Исаков “АКИ-пресс” агенттигиндеги маалымат жыйынында июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссияны сотко бере турганын айтты. Анын айтымында, комиссиянын "Түштүктөгү тополоңду болтурбай коюуга Убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрдүн жетекчилери жетиштүү чара көргөн эмес" деген дооматы негизсиз. "Ал учурда оор абалды турукташтыруу боюнча болгон чаралар көрүлгөн, өлкө согуштук абалда болгон. Комиссия мындай тыянагы менен Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн каралоону көздөйт", - дейт Исмаил Исаков.

Июнь коогасы боюнча Улуттук комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгын 11-январда жарыялаган. Ага ылайык, бул кандуу коогага айрым өзбек лидерлерин жана Убактылуу өкмөт, анын ичинде өкмөттүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин күнөөлүү деп атаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG