Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Нусратулло Абдуллоевдин билдиришинче, өлкөдө өткөн жылы 158 киши экстремизм боюнча эркинен ажыратылган. 2009-жылы бул көрсөткүч 33 адам болгон. Абдуллаевдин сөзү боюнча, былтыр соттолгондордун 135и тыю салынган Хизбут-Тахрир тобунун, 23ү Салафия Исламдык тобунун мүчөлөрү болгондугу үчүн эркинен ажыраган. Дагы 33 адам Салафияга мүчө болгондугу үчүн айыпка жыгылган. 2010-жылдын акыркы төрт айындагы Кыргызстан менен чек арага жакын аймактардагы кандуу кагылыштар үчүн айыпталган Өзбекстан ислам кыймылына мүчө болгон канча киши соттолгону тууралуу Абдуллоев маалымат берген жок.