Египет парламентинин жанында президент Хосни Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылган адам өзүн өрттөп жибергени кабарланды. Бул коңшулаш Тунистин президентин бийликтен алып түшкөн толкундоолордон берки экинчи жанкечтилик. 17-январда Каирде катаал жашоосуна нааразы болгон дагы бир египеттик өзүн өрттөп ийген эле. Ушундай эле окуялар Алжирде жана Мавритания болгону кабарланды.