"Жол кырсыгында киши өлтүргөн" деген айып менен төрт жылга кесилген Евгений Жовтисти шарттуу бошотуу өтүнүчүн караган комиссия "ал түрмөдөгү жашоого активдүү катышкан жок" деген бүтүм чыгарды. Бул тууралуу Жовтисти коргоо комитетинин жетекчиси Сергей Дуванов билдирди. Жовтисттин соту "саясий өңүтү бар" деген кине менен эл аралык сынга кабылган.