Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

Ташкенде “Ош демилгеси” уюму июнь коогасын иликтегени жатат


Түштүктөгү июнь коогасын иликтеген улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев депутат Алтынбек Сулаймановдун суроолоруна жооп берип жатып Өзбекстандын Ташкент шаарында июнь коогасын иликтөө үчүн "Ош демилгеси" уюму түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, бул уюмдун өкүлдөрү менен Кыргызстанда издөө жарыяланган өзбек лидерлери аталган Жалалидин Салахудинов менен Инамжан Абдрасуловдор жолуккан. УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин маалымдашынча, И. Абдрасулов менен Жалалидин Салахудиновду тартип коргоо органдары кармаган. Бирок И. Абдрасуловду кармаганда аны талап кылып миңдеген адам чогулганда кагылышуу болбосун деп бошотулган. Ал эми Ж. Салахудиновдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп үй камагына чыгарылгандан кийин чет өлкөгө качып кеткен. Июнь коогасын иликтеген комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгында "июнь коогасына өзбек лидерлери күнөлүү, ал эми убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жетиштүү чара көргөн эмес" деген тыянак чыгарган. (EBM)

XS
SM
MD
LG