Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Кытай улуттук акчасы дүйнөлүккө айлануусун көздөйт


Президент Ху Цзиньтао Бээжиндин мындай мүдөөсүн АКШда башталган сапарын утурлай ачыктады.

Ху Цзиньтао АКШ президенти Барак Обама менен Ак үйдө бүгүн жолугат. Айрым аналитиктер анын азыркы визитин кытай лидерлери АКШга акыркы отуз жылда жасаган иш сапарлардын эң маанилүүсү деп мүнөздөшүүдө. Экономикага келгенде эки тараптын валюта саясатына байланыштуу талашы сүйлөшүүлөрдө талкууланчу башкы маселе болот. Дегеле экономика, баяндамачылар белгилеп жаткандай, АКШ менен Кытайдын алакасын тереңдеткен да, аларды каршылаштырган да маселе.


Ху Цзиньтаону аэропорттон вице-прездент Жо Байден тосуп алды.
Кытай лидери АКШга азыркы сапарын утурлай аналитиктер көптөн бери болжоп келген нерсени ачыктады. Бээжин анын улуттук акчасы - юань эл аралык валюта катары АКШ долларына атаандаш болушун көздөйт. Бээжиндин бул дымагы кытай президентинин Ак үйдөгү жолугушуу алдында “Wall Street Journal” жана “Washington Post” гезиттеринде жарыяланган интервьюда айтылды. Адатта кытай лидери интервьюну өтө элек сейрек берет. Юанды дүйнөлүк валютага айлантуу боюнча Кытайдын кадамдарына токтолуу менен Ху Цзиньтао дүйнөнүн доллар үстөмдүк кылган азыркы валюталык системасын “өткөндүн продуктысы” деп атады.

Бирок Лондондогу “Capital Economics” иликтөө уюмунун кытай боюнча экономисти Марк Уильямстын ( Mark Williams) айтымында, юань долларга атаандаш болгонго чейин али узак убакыт бар:

- Кытай алыскы келечекте юань өлкөдөн тышкары жактарда да колдонулушу үчүн кадам шилтөөнү көздөгөнү менен жараян абдан жай кетет. Бул алдыдагы эки же үч жылда тез эле өзгөртүп салуучу нерсе эмес. Бул кытай ишке ашырууну көздөгөн узак жараян. Мисалы бул багыттагы маанилүү кадамдарга биз президент Ху Цзиньтао ушул аптада АКШда жүргөн учурунда күбө боло албайбыз. Бирок биз муну алдыдагы жылдары көрөбүз. Менимче, Кытай юань тышта да колдонулушуна багытталган саясатын такай улантат.

Каржы аналитиктеринин айтымында, Кытай соңку кездери юандын дүйнөнү көздөй арышын кеңейтүү багытында кошумча чараларды көрдү. Мындан бир жарым жыл мурда эле юань Кытайдын өзүнөн башка жакта расмий колдонулуучу эмес. Бирок азыр Гонконгдун жашоочуларына юань менен банк эсебин ачууга уруксат берилди. АКШ менен Европанын да азырынча саналуу банктарынан юань менен эсеп ачууга болот.

Ошондой эле Кытайга товар сатууда же андан сатып алууда азыр юанды колдонсо болот. Мурда эсептөө жалаң доллар менен гана жүргүзүлчү. Бээжин былтыртан тарта өлкө ичиндеги чет элдик компанияларга карыз боюнча милдеттемелерин юань менен чыгарууга уруксат берди.

Бирок эсептешүүсү юань менен жүргүзүлгөн сооданын көлөмү жана Кытайдын тыш жактарда юань менен ачылган банк эсептеринин саны өтө эле аз.

Британиядагы “Economist Intelligence Unit” иликтөө уюмунун Кытай боюнча талдоочусу Гарри Лизердин (Gareth Leather) айтымында, долларга атаандаш иретинде чыгуу үчүн юань ириде толугу менен конвертацияланган же башка валюталарга эркин алмаштырылган жана төлөм жүргүзүүдө эч кандай чек коюлбаган валютага айлануусу абзел:

-Узак мөөнөттөн алганда Кытай юань эл аралык валюта катары америкалык долларга атаандаш болушун көргүсү келет. Бирок бул көп убакытты талап кылат. Ал ишке ашардан мурда Кытайдын азыркы жана капиталдык эсептеринин баары толугу менен конверттелүүсү абзел.

Эл аралык соодада жана глобалдык экономикада көйгөй жараткан акча-кредит саясаттары үчүн Вашингтон менен Кытай бири - экинчисин айыптап келишет. Маселен Вашингтон Бээжин юанды атайлап арзан кармап, эки тараптуу соодада адилетсиз артыкчылык берип жатат деп ырастайт.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Роберт Гиббстин айтымында, АКШдай эле башка бир катар өлкөлөр да Кытай өз акчасынын наркын көтөрүүсү керек деген көз карашта. Быйыл АКШнын Кытай менен соодасындагы таңкыстык же импорттун экспорттон ашып кеткен бөлүгүнүн акчалай көлөмү 270 миллиард долларды түзөрү күтүлүүдө.

Кытай расмий өкүлдөрү болсо өз кезегинде соодадагы таңкыстык үчүн АКШ юанды айыптабашы керек, юандын курсунун өзгөрүшү эле АКШнын соода балансындагы таңкыстыкты азайта албайт деп эсептешет.

Кытай тарап ошондой эле АКШнын Улуттук банкы – Федералдык резерв системасынын экономикадагы өсүштү баалуу кагаздарды или өлчөмдө сатып алуу аркылуу стимулдаштыруу аракети өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө инфляцияны ыргагын күчөтүп жатканына тынчыздануу билдиришкен. АКШда Конгресстин айрым мүчөлөрү эгер Бээжин юандын курсун көтөрбөсө аны жазалоо зарылдыгын, буга мезгил жеткенин айтып чыгышкан.

Британиялык талдоочу Гарри Лизердин болжолунда, Кытай валюта саясатын жакынкы келечекте олуттуу деле өзгөртпөйт. Балким, башка тандоо жок болсо юандын наркын бир аз тезирээк жогорулатуучу кадамдарга жол ачат. Ал эми Барак Обама менен Ху Цзиньтаонун Ак үйдөгү бүгүнкү сүйлөшүүлөрүнөн күтүүгө боло турган нерсе – эки өлкөнүн ортодо кеңири масштабдагы соода согушунун чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнөн артка чегинүүсү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG