АКШнын президенти Барак Обама Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзинтао менен Ак үйдө сүйлөшүү жүргүздү. Кабарларга караганда, сүйлөшүүдө валюта маселеси үстөмдүк кылып, Обама Цзинтаону юандын алмашуу курсун либералдаштырууга чакырды. Кытай президенти жакында юанды Кытай атайылап арзан кармап жатат деген кинени четке каккан. Обама ошондой эле адам укуктарынын маселесин козгоду:
– Тарых көрсөткөндөй, бардык улуттардын жана бардык адамдардын укуктары, анын ичинде ар бир адамдын универсалдык укуктары сыйланган коомдун турмушу оңолуп, келечеги кең, жашоо акыйкат болот.
Кытай президенти бул жаатта анын өлкөсү жасай турган иштер көп экендигин моюнга алды. Эки жетекчи тең кызматташттык тууралуу сөз кылышты, бирок былтыртан бери орток алакага кедерги болуп келген соода жана коопсуздук маселелеринде олуттуу жылыш жасалган жок.