Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Кумшекердин баасы көтөрүлүп жатат


Акыркы аптада Кыргызстандын түндүк аймагында кумшекердин баасы 2 сомдон 3 сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык тескөө министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Министрлик Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында кумшекердин баасынын кымбатташы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга алынып келе турган шекердин көлөмүнүн азайышы менен түшүндүрүүдө. Ушул тапта Бишкекте бир килограмм кумшекердин баасы орточо 55 сомду түзүп жатат. Кыргызстандын калкы керектей турган кумшекердин 71 пайызы чет өлкөлөрдөн келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG