Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

21-январда жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 21-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз 3…8, градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6 градус жылуу болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…8 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…8 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градуска барабар, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз --4…+1 градус болот. Тоолордо болсо түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус, күндүз 5…7 градусту түзөөрү күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG