Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Тунисте полиция демонстранттарды таратуу үчүн ок ачты


Бийликтен кулатылган президент Бен Алинин өкмөтү менен байланышы бар министрлердин кызматтан кетишин талап кылган жүздөгөн демонстранттарды таратуу үчүн полиция асманга ок ачты. Бен Али өлкөдөгү тополоңдордон улам Сауд Аравияга качууга аргасыз болгондон бери анын мурдагы саясий өнөктөштөрү, анын ичинде премьер-министр Мохаммад Ганнуши оппозиция өкүлдөрүн улуттук биримдик өкмөтүнө тартууга аракеттенүүдө. Ганнуши өзү кулатылган президенттин партиясынан апта башында чыкты, бүгүн андан убактылуу өкмөттөгү алты министр кетип, коомчулук жасап жаткан кысымдан улам бир министр кызматтан чегингени маалымдалган.

XS
SM
MD
LG