Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:43

Акыркы беш айда 27 тоннадан ашык маң зат кармалган


Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Кыргызстанда акыркы беш айда 27 тонна 804 килограмм көлөмүндөгү баңги зат жана психотроптук каражаттар мыйзамсыз колдонуудан ачыкка чыгарылды. Булардын ичинен 27 тонн 783 килограммы баңги заттарды жасоодо колдонула турган эфедра заты болуп саналат. Кармалган заттардын калган бөлүгүн гашиш, героин заттары түзөт. (KKs)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG