Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

22-январда айрым жерлерде кар жаайт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 22-январда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда кар күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Кээ бир райондордо 7-12 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз -3…+2 градус, Талас аймагында түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градуска барабар. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градусту болору күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градуска барабар, Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9 градус болот. Тоолордо болсо түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус, күндүз -1... 1 градус болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG