Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Ставрополдо сегиз адамдын өлтүрүлүшү боюнча окуя иликтене баштады


Шаарга өлкөнүн прокуратурасынан тергөө комитетинин башчысы барганы айтылууда. Жума күнү ал жакта менчик үйлөрдүн биринин гаражынан сегиз адамдын өлүгү табылган. Беш эркек жана үч аялды тапанча менен атып кетишкени айтылууда. Милиция алдын ала берген маалыматка караганда, өлгөндөрдүн арасында жергиликтүү кылмыш тобунун жетекчиси жана анын үй-бүлө мүчөлөрү бар. Муну азыр криминалдык топтордун ортосундагы жаңжалга байланыштырып жатышат. Эки жаш бала тирүү табылганы айтылды. Бирөө болгону бир айлык бөбөк экен, экинчиси - сегиз жашар бала.

XS
SM
MD
LG