Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:09

ЖТРКнын айланасында болгон адам өлтүрүү боюнча сот отуруму уланат


"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, Жалал-Абад облустук соттук коллегиясы 24-январда Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын айланасында 12-июнда болгон адам өлтүрүүлөр боюнча үч соттолуучунун апелляциялык арызын кароону улантат.
Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 28-октябрда 12-июнь күнү адам өлтүргөн, массалык баш аламандыкка катышкан, улуттук кастыкты козуткан жана өлүү денени мазактаган деген айыптар менен бул үч кишинин бири 13 жылга, экинчиси 8 жылга эркинен ажыратылган. Үчүнчү айыпталуучу 3 жылга шарттуу түрдө кесилген. Айыптарын четке каккан соттолуучулардын апелляциялык арызын Жалал-Абал облустук сотунун коллегиясы 14-декабрдан баштап карай баштаган. Соттун акыркы отурумунда эки соттолуучу акыркы сөздөрүн айтып, өздөрүн актап, кечирим берүүнү өтүнүшкөн. Эртең үчүнчү соттолуучу акыркы сөзүн айтат. (AzK)

XS
SM
MD
LG