Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:32

Иран өзөктүк программасы боюнча жаңы сүйлөшүүлөргө ачыктыгын билдирүүдө


Президент Махмуд Ахмадинежаддын кечээги сөзүнө караганда, эгер сүйлөшүүгө катышып жаткан тараптардын ар бири мыйзамдын чегинде аракеттенсе, адилеттүүлүк принцибин карманса, экинчи тараптун турумун урматтаса, баарын канааттандырган чечим табууга болот.

Мунун алдында, ишемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаган эле. Иран уран байытууну токтотуу жөнүндөгү чакырыктарга кайрадан терс жооп берди. Батыш өлкөлөрү Ирандын уран байытууну улантуусу анын өзөктүк куралга ээ болуусуна алып келиши мүмкүн деп кооптонот.

Тегеран болсо өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап келүүдө. Соңку сүйлөшүү натыйжасыз аяктагандан кийин француз тышкы иштер министри Франция жана анын өнөктөштөрү Иранга каршы жаңы санкциялардын үстүнөн иштөөсү мүмкүн экендигин ишара кылды.

XS
SM
MD
LG