Биринчи Май райондук соту 11-январда Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевдин иши менен чогуу каралып жаткан, массалык башаламандыкты уюштургандардын бири деп айыпталган Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасадык Бакировдун ишин өзүнчө бөлүп кароо тууралуу чечим кабыл алган. Ишти толук иликтөө үчүн кайра Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков менен экс-депутат Искак Масалиевге 2010-жылдын 13-14-майында Ошто, Жалал-Абадда "бийликти күч менен алууга аракеттенген", "массалык башаламандык уюштурган" деген айып тагылууда. Кылмыш ишинин козголушуна Үсөн Сыдыков менен Искак Масалиевдин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү негиз берген. Айыпталып жаткандар өздөрүнө каршы козголгон кылмыш ишин саясий буйрук катары сыпаттап келишет. (EBM)