Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Тажикстандын чыгышында жер титирөө болду

АКШнын Геологиялык кызматынын билдиргенине караганда, чыгыштагы Памир чөлкөмүндөгү зилзаланын күчү 6,1 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу эртең мененки саат 7:45те Каракул шаарынан 106 чакырым түштүк-батышта, Тажикстандын Кытай менен чек арасына жакын жерде орун алган. Зилзаланын ыктымал кесепеттери жөнүндө маалымат азырынча түшө элек.
XS
SM
MD
LG