Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Санкт-Петербургда Кыргызстандын жараны жаракат алды


Орусиянын маалымат каражаттары билдиргендей, он беш жаштагы кыргызстандык өспүрүм бычак жеп жаракат алган. Маалыматарда анын аты-жөнү айтылбайт. Кабарларга караганда, окуя 15-20 жаш курактагы кыргызстандык үч жаш жигит менен жергиликтүү эки тургундун көчөдөгү тирешинин натыйжасында болгон.

Санкт-Петербург шаарынын ички иштер башкармалыгы кыргызстандык жарандын бычак жеп жаракат алышы боюнча кылмыш иши ачылганын, бул үчүн милициянын мурдагы кызматкери шектелип жатканын, ал кармалганын билдирген.

Быйыл жыл башынан бери Орусияда кыргызстандык эки жаран киши колдуу болду. Ошондой эле кыргызстандыктар кол салууларга кабылган учурлар да катталган. (UE)

XS
SM
MD
LG