Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Сокулукта айдоочулар митингге чыкты


Сокулуктан Бишкекке эл ташыган кичи автобустардын айдоочулары азыр райондун борборунда митинг өткөрүүдө. Аталган район акимчилигинин атын айткысы келбеген бир кызматкеринин "Азаттыкка" билдиришинче, айдоочулар аларды кайра Ош базарынын жанындагы автобекетке киргизүү талабын коюшууда. Акимчилик өкүлүнүн айтымында, айдоочулардын саны 70 чакты, бирок митинг болуп жаткан жерде азыр жалпысынан 200 чакты адам чогулган. Айрым кабарларда митингчилер Бишкек - Кара-Балта багытында каттаган кичи автобустарды өткөрбөй жатканы, бирок башка унаалар үчүн жол ачык экени айтылууда. Бирок биз менен байланышкан акимчилик өкүлү мындай маалыматты тастыктаган жок.

Буга чейин Бишкек мэриясы Ош базарынын тегерегин иретке келтирүү максатында тазалоо иштерин жүргүзө баштаганын кабарлаган. Буга ылайык Сокулукка каттаган кичи автобустар Бишкектин Батыш автобекетине токтой турган болгон.(SM)

XS
SM
MD
LG