Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы (PACE) Косовонун өкмөт башчысы Хашим Тачини уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыштары үчүн айыптаган докладды карайт. Швейцариялык дипломат Дик Марти даярдаган докладда Тачи 1990-жылдардын этегинде Сербия менен согуш учурунда жана андан кийин кылмыштуу топту жетектеген деп айтылат. Мартинин тыянагына ылайык, кылмышкерлер сербдерди өлтүрүп, маңзаттары жана адам органдарынын аткезчилиги менен алектенген. Косово өкмөтү отчетту негизсиз деп атап, "жала жабуу аракети" катары четке какты.