Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, былтыр өлкөдө 35,5 миңден ашуун кылмыш катталган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 19,5 пайызга көп. Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча Бишкек шаары биринчи орунда турат. Кылмыштуулуктун эң аз деңгээли Нарында катталган.
25-январда Бишкекте президент Роза Отунбаеванын катышуусунда ИИМдин жамааттык жыйыны өттү. Анда Р. Отунбаева кылмыштуулукка каршы айоосуз күрөш жүргүзүү зарыл экендигин белгилеген. (EBM)
25-январда Бишкекте президент Роза Отунбаеванын катышуусунда ИИМдин жамааттык жыйыны өттү. Анда Р. Отунбаева кылмыштуулукка каршы айоосуз күрөш жүргүзүү зарыл экендигин белгилеген. (EBM)