Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Бүгүн Жогорку Сотто А. Аскаровдун көзөмөл арызы каралат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Укук коргоочу Азимжан Аскаров Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деп айыпталып жатат. Укук коргоочу өзүнө коюлган дооматтарды четке кагууда. Сентябрь айынын ортосунда Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап карап, 10-ноябрда Базар-Коргон райондук соттун өкүмүн күчүндө калтыруу тууралуу чечим чыгарган. Сот чечимин айрым жергиликтүү жана эл аралык укук коргогон уюмдар айыптап чыгышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG