Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Талас районундагы Арашан айылында “Хизб-ут Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тиешелүү китептер табылды. Диний-экстремисттик маанайдагы алты журнал жана үч китеп аталган айылдын 30 жаштагы тургунунун үйүндө сакталып турган. Бул факт боюнча учурда иликтөө иштери жүргүзүүлүдө. (KKs)