Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Домодедоводо набыт болгон кыргыз жигиттин сөөгү Тажикстанга жиберилет


Москванын Домодедово аэропортундагы жардыруудан курман болгон кыргыз жигити Мурат Хакназаровдун сөөгү бүгүн түнү Москва-Дүйшөмбү аба каттамы боюнча Тажикстанга жиберилет. Мындай чечим анын туугандары менен кеңешкенден кийин кабыл алынды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияевдин “Азаттыка” берген маалыматы боюнча, курман болгон жигиттин сөөгү Тажикстандын Жергетал районуна караштуу Кошой айылында жашаган жакын туугандарына жиберилет. Бардык чыгымдар Москвада түзүлгөн атайын штабдын эсебинен каржыланат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 1987-жылы Тажикстанда туулган, кыргыз улутундагы Мурат Хакназаров кыргыз жараны катары Чүйдүн Сокулук районунда катталган.

24-январда Домодедово аэропортунда болгон теракттан 35 адамдын өмүрү кыйылып, жүздөн ашыгы жаракат алган.

XS
SM
MD
LG